“Биздин аэропорттор эл аралык стандарттарга жооп бербейт дегенге кошулбайм”,- деген пикирин бүгүн, 23-ноябрда маалымат жыйынында транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө Бишкек, Ош жана Тамчыдагы аэропорттор эл аралык статуска ээ.
“Кээ бир жарандарыбыз аталган үч аэропорт тууралуу "эл аралык стандартка жооп бербейт" деп сын айтышат. Мен аларга кошулбайм, себеби бул статусту алыш үчүн эл аралык комиссия атайын текшерүүгө алып, жакшы баа берет. Экинчиден, учурда Бишкектеги аэропорттун жол тилкесинин узундугу 4 миң метр, Оштуку 2800 метр болсо, Ысык-Көлдөгү "Тамчы" аэропортунун тилкесинин узундугу 3800 метрди түзөт. Алар толугу менен тиешелүү стандарттарга жооп беришет”,- деди министр.