Баткенде карызы үчүн барымтага алынган кыргыз жараны Тажикстандан кайтарылды

Баткен облусунда карызы үчүн барымтага алынган кыргыз жараны Тажикстандан кайтарылды. Бул тууралуу облустун милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда 33 жаштагы Ноокат районунун тургуну өзүнүн шериги менен Тажикстандын жарандары менен жолугушууга Согди облусуна барган. "Тажик жарандары Ноокаттын тургунун унаа менен алып кетип, анын шеригине "кургатылган жер-жемиштер үчүн 400 миң сом карызы бар" деп айтышкан",- деп жазылат маалыматта.

"Жергиликтүү милиция бөлүмүнө Ош облусунун Ноокат районунун тургуну кайрылып, Тажикстандын жарандары анын баласы үчүн 400 миң сом сурап жатканын билдирген. Милиция кызматкерлери тажик милициясы менен жолугушуу өткөрүшкөн. Тажик милиционерлери барымтага алган жарандар менен жолугушуп, жыйынтыгында кыргыз жараны бошотулган",- деп билдирет милиция.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alixan-Nookat.2015
2015-11-24 11:55:32
Эмне бар Тажикстанда? Тажиктен болсо болсун досун,бирок ай балтан жанында болсун деп бекеринен айтылган эмес.
+2
B.B.Sadykov
2015-11-24 12:30:45
Alixan-Nookat.2015, аны тажиктерге эмес, орустарга айтылган ал соз)))
-3
Ago
2015-11-24 13:05:35
400минге той откоруп салса керек кийин бир эсеби болоооор деп кыргыз.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан