10 айда бюджеттер аралык трансферттер 2 миллиард сомго жакын суммада каржыланды

Быйылкы жылдын январь-октябрь айларынын аралыгында бюджеттер аралык трансферттер боюнча республикалык бюджеттин чыгымдары 1 миллиард 990,4 миллион сомду түздү. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, көрсөтүлгөн мезгилде теңдештирүүчү гранттар 1 миллиард 157,3 миллион сомду, республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү каражаттар 833,1 миллион сом болду.

"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш.

2015-жылга теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген.

Теңдештирүүчү гранттар – туруктуу социалдык-экономикалык абалды сактоо максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан