Өлкө калкынын саны 2050-жылы болжол менен 11,6 миллионду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук статистика комитетинин стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Талант Султанов билдирди.
Ал мамлекетибиздин калкынын саны көбөйүп жаткандыгын айтып: «1959-жылы республика калкынын саны 2 миллион 65 миң адамды түзсө, 2015-жылы дээрлик 6 миллион адамга жетти. Юбилейлик 6 миллионунчу жаран болжол менен 2015-жылдын 26-ноябрында же республиканын 5 миллионунчу тургуну төрөлгөндөн 13 жылдан кийин жарык дүйнөгө келет. Жалпысынан айтканда, Кыргыз Республикасынын калкынын санынын өсүүсүнүн жогорку темпи калктын кеңири көбөйүүсүн камсыздоочу жогорку деңгээлдеги төрөт менен мүнөздөлөт»,- деди.