Өлкөдө былтыр 12 жаштан 19 жашка чейинки 2 миңге жакын кыз боюнан алдырган. Мындай маалыматты бүгүн, 24-ноябрда республиканын демографиялык абалына арналган тегерек столдо Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, азыркы өсүп келе жаткан муундун өкүлдөрүнө жакшы тарбия берилбесе, өлкө калкынын саны алгылыктуу көбөйбөйт.
«Өткөн жылы өлкөдө 136 миң наристе жарык дүйнөгө келген. Ошол эле маалда каза болгон балдардын саны 39 миңге жеткен. Ал эми 24 456 аял боюнан алдырган. Бул көрсөткүчтөрдү угуп өлкө калкынын кийинки 35 жылда 12 миллионго жетерине күмөн санайсың. Акыркы 35 жылды карасак, биздин энелер 10-12 баладан төрөп келишкен, учурда болсо 1-2 баланы араң жарык дүйнөгө алып келип жатышат. Анын үстүнө 2014-жылы эле 9235 үй-бүлө ажырашкан. Бул балдардын төрөлүшүнө дагы тоскоолдук жаратат»,- деди вице-мэр.