Кытайда 10 жыл мурун ата-энеси менен урушуп, үйүнөн качып кеткен Сяо Юн аттуу кыз 24 жашка чыкканда интернет-кафелердин биринен табылды. Ата-энеси ал кызды көп жылдар мурун эле өлдү деп эсептеп, дээрлик жоктобой калышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, аны полиция кызматкерлери кезектеги текшерүү иштеринин жүрүшүндө интернет-кафеден таап алышкан. Жасалма документ менен жүргөн Сяо Юн үйүнөн 10 жыл мурун качып кеткенин өзү айтып берген. Бул жылдар аралыгында ал кассир болуп иштеп, ошол эле учурда компьютердеги оюндарга берилип кеткен.