Чүй облусунда 1 чарчы чакырым жерге 43 жаран туура келсе, Нарын облусунда 6 жаран туура келет. Муну бүгүн, 24-ноябрда учурдагы кыргыз жериндеги демографиялык абалга арналган тегерек столдо Улуттук статистика комитетинин Стратегиялык изидөөлөр институтунун директору Талант Султанов билдирди. Анын билдиришинче, калктын отурукташканы боюнча экинчи орунда Ош облусу турат. Анда 1 чарчы чакырым жерге 42 адам туура келет.
“Жалал-Абад облусунда - 33, Баткенде - 28, Таласта – 22 жана Ысык-Көлдө 11 адам 1 чарчы чакырым жерге туура келет.
Ал эми калктын саны боюнча айтсак, Чүй облусу кайрадан биринчи орунда. Чүй облусунда учурда 1 миллион 807 675, Ош облусунда 1 миллион 498 638, Жалал-Абадда 1 миллион 122 398, Баткенде 480 687, Ысык-Көлдө 463 894, Нарында 274 544, Талас облусунда 247 226 адам жашайт”,- деди Султанов.