Кыргыз жергесинде жаштар арасында кыздар менен балдардын саны теңелди. Мындай маалыматты бүгүн, 24-ноябрда Улуттук статистика комитетинин адистери билдиришти.
Маалым болгондой, учурда өлкө калкынын 1,8 миллионун жаштар түзөт. Учурда 5 кызга 5 бала туура келет. Жаштардын 63 пайызы айыл жергесинде, ал эми 37 пайызы шаарда жашаары белгиленди.
“Биздин өлкөдө абал жакшы болгону менен, жалпы Азия өлкөлөрү арасында кыздар баары бир аз төрөлөт. Мындай маселе Кытай, Япония жана Корея мамлекеттеринде курч. Аталган өнүккөн өлкөлөрдө калктын басымдуу бөлүгү картайып кеткендиктен, мисалы, Япония өкмөтү элдин санын көбөйтүү үчүн тешилген презервативдерди чыгарууну сунуштаган. Ал эми дүйнөдөгү кээ бир өлкөлөрдө кечинде жарыкты өчүрүп коюу сыяктуу да ыкмалар колдонулат”,- дешти адистер.