Араванда имамдарга экстремизм, радикализмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 24-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын жамааты Араван районунун аймагындагы бардык мечит имамдарынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришкендей, жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев Имам аль-Матуридий акыйдасын, Ханафий мазхабын бекемдөө жана экстремизм, радикализмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, муфтияттын тапшырмасына ылайык имамдарга отчёт берүү формаларынын ыкмалары боюнча атайын сабак өттү. Үйрөтүлгөн ыкмалардын негизинде имамдар берилген отчёттун формасын жума сайын толтуруп, аткарган иштери боюнча казыятка отчёт берип турары милдеттендирилди.

Эскерте кетсек, мындай жыйындар 3-декабрга чейин атайын графиктин негизинде башка райондордо да өткөрүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан