Кыргыз жергесинде эркектер аракечтиктин жана тамеки тартуунун айынан аялдарга караганда орто эсеп менен 7 жылга аз жашашат

Кыргыз жергесинде эркектер аракечтиктин жана тамеки тартуунун айынан аялдарга караганда орто эсеп менен 7 жылга аз жашашат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин демографияга арналган баяндамасында жазылган.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары калктын жашоо узактыгы өскөн. Мисалы, 1994-1995-жылдары өлкөбүздө адамдар орто эсеп менен 66 жыл өмүр сүрөт делсе, 2006-жылы бул көрсөткүч 68ге жеткен. Былтыр болсо 70 жаштан ашкан. Бүгүнкү күндө аялдардын орточо өмүр узактыгы 75, ал эми эркектердики 67 жаш.
Белгилүү болгондой, мырзалар жаш кезинде ден соолугуна кам көрбөй, аракка берилип жана тамеки тартып жүрүп өмүрлөрүн кыскартышат. Ошондой эле эркек адам чылым чекпеген теңтушуна караганда 7 жылга аз жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан