Ош мамлекеттик университетинин жамааты 1 күндүк айлык акысын Ош облусунда катталган жер титирөөдөн жапа чеккендерге которду. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай чечим окуу жайдын административдик кеңешмесинде кабыл алынды.
Кошумчалай кетсек, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү саат 23:30 чамасында болгон жер титирөөдөн Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айылында көптөгөн үйлөр жараксыз абалга келген. 21-ноябрь күнү жабыркаган Кармышак Аматовдун үй-бүлөсүнөн ОшМУнун ректору Каныбек Исаков кабар алып, акчалай жардам, тамак-аш жеткирди. Ошондой эле университетте атайын жумушчу топ түзүлүп, 23-ноябрда кошумча азык-түлүк, жылуу кийим-кечелерди жеткирип беришти.
Учурда бир күндүк акча каражаты бөлүнүп, ал сумма жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн түзүлгөн атайын фондго которулду.