№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн 1 миллион сом эч кимге берилбей турган болду

№50-СИЗОдон качкан 4 кылмышкердин кайда жүргөнү тууралуу маалымат үчүн убадаланган 1 миллион сом өлчөмүндөгү сыйлык эч кимге берилбей турган болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалым болгондой, 4 качкын кылмышкердин ар биринин кайсы жерде жүргөнүн милиция кызматкерлери өздөрү тинтүү иштери аркылуу аныкташкан.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-түзөтүү колониясынан 9 кылмышкер абактын кызматкерлерин муунтуп өлтүрүп качып кеткен. Булардын ичинен 5 кылмышкер ошол эле түнү МАИ тарабынан колго түшүрүлгөн. Калган 4 кылмышкерлер тууралуу маалымат үчүн ИИМ 1 миллион сом берилерин жарыялаган.
16-октябрда качкын кылмышкерлердин бири Данияр Кадыралиев түшкө маал Дордой конушунда өлтүрүлгөн. 20-октябрда кылмышкерлердин экинчиси Азамат Мусуралиев Сокулук районунун Арал айылы тараптан жок кылынган.
22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагында Эдил Абдрахманов тирүү кармалган. Ушул эле күнү кечинде Бишкектеги Достук конушунда Алтынбек Итибаев 2 саатка созулган атышуу учурунда ок тийип каза тапкан.
Мындан тышкары аталган абактан качып баратканда кармалгандар: Таалайбек Жуманов, Бакыт Кенжегулов жана Муратбек Жумалиев 21-22-октябрь күндөрү түрмөдө каза болушкан.
Ал эми колониядан качып баратканда кармалган Болот Курбанахунов жана Музаффар Уринов учурда абакта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (49)
adiletkina
2015-11-24 21:33:49
ХХХ ХХХ чондор...
+6
admin_portal
2015-11-25 14:24:10
adiletkina - 5 күнгө БАН!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Azikko
2015-11-24 22:16:51
Вообще соз жок да ушуларга
+1
bopos
2015-11-24 22:59:30
баарын оздору билишет,миллионду оздору алат да.элге оюн корсотуп токтотуп коюшту,уландысы болбосо экен.булар кантип качканын да кайсыл жака качып,жашап жургондорун да оздору эн жакшы билишет.ошондуктан тыйын жок эч кимге.
0
dasbai
2015-11-24 23:29:07
Бир ишти баштаба баштаган сон таштаба деген соз бар кыргызда айтканданкийн аткарыш керек оооо емелер. Мейлида емне болсода аман бололу ынтымакта бирдикте жашаган ел бололу.
0
Bekzamann
2015-11-25 00:15:11
Мелисда жарабады.. Элди куурчак кылдынарго. Бети жоктор.
0
borbuk
2015-11-25 00:21:42
Эми МВД га эчким ишенбейт,ушинтип ишеничтен тайасынар.
0
Anya__t
2015-11-25 00:41:03
Урматтуу эл бул жакта сизодон качкандарды милиция кызматкерлери оздору кармашкан деп жазылып турат. Экинчиден макул биз таптык деген кундо деле ал нерсе озубузго пайда да мамлекетке кандайдыр бир жардам. Миллер кылбайлычы... учунчудон биринчи жолу алданып отурган жокпузго...
0
cristiano
2015-11-25 01:59:16
МВД "димедрол" берип уктатты элди! Уялгыла!
+2
T.Shaiyrbek
2015-11-25 03:23:11
бир соз менен айтканда жогорудакылар ХХХ
0
admin_portal
2015-11-25 14:23:20
T.Shaiyrbek, коомдук этиканы сактаңыз. Эскертүү!
-1
friendwipkg
2015-11-25 03:23:21
менин милициям менин миллионум.
0
Altyn10076
2015-11-25 03:54:38
Мумкун алар милицияны олтургон эместир
0
salt56
2015-11-25 09:40:11
Ички иштер министрлигинин акчасы жок болсо эмнесин берет??? Бул миллионду гкнб беребиз деп чыкпады беле. Мына эми төө көрдү бээ көрдү болду да.
0
jetinur90
2015-11-25 13:52:50
биздин эл да,чондор да ушунчалык бузулуп,жийиркеничтуу чыдап болбогон чекке жетип болду уже..
+1
Sandrana
2015-11-25 16:47:39
ЭШЕГИН ылайдан отту да э деген кеп бекерден айтылган эмес экен...!
0
tabyshmak
2015-11-26 10:34:09
Акча боордон чыгат! Аны чыгаруу оной эмес! Баарынан да кызыгы - эмне учун кылмышкерлерди июль жана сентябрь айларында фото-суротко алышты болду экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан