Орусия президенти Владимир Путин Түркия тарабынан атылган Су-24 учагынын командирин жана Ми-8 тик учагынын жарылуусунан каза болгон аскерди сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлыкта “Аскердик кызматын өтөөдө көрсөткөн эрдиги жана өз жанын аябаган баатырдыгы үчүн Эрдик ордени менен Константин Мурахтин (тирүү калган штурман) жана матрос Александр Позынич (каза болгондон кийин) сыйлансын” деп айтылат. Жарлыкка ылайык, Су-24 учагынын атылышынан каза болгон учкуч Олег Пешковго "Орусиянын Баатыры" наамы ыйгарылды.