"Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 19,5 миллиард куб метрге жеткирмейинче электр энергиясын үнөмдөө улантылат",- деди өкмөт башчынын кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев. Ал мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча маалыматы угулуп жатканда айтты. Бирок жарык өчүрүүлөр болбой турганын белгиледи. "Жарык үзгүлтүксүз берилет, бирок Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн 19,5 миллиард куб метрге жеткирмейинче үнөмдөөнү улантабыз. Биз бүгүнкүнү гана ойлобой, келечекти да ойлошубуз керек",- деди Турдубаев.