Айыл чарба жана мелиорация министри депутаттарга: "Тоют жетиштүү камдалган, тынчсызданбагыла"

Жогорку Кеңештин депутаттары 2015-2016-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык боюнча өкмөттүн маалыматын угууну улантышууда. Суроо-жооп учурунда депутат Мыктыбек Абдылдаев тоют маселесине токтолуп, өкмөткө "Быйыл кышында тоют маселеси кандай болот, жетпей калып дагы кыйынчылык тартпайбызбы?" деп суроо салды. Депутаттын мындай суроосуна айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев жооп узатып, тоют жетиштүү жыйналганын белгиледи. "Буга чейин кыш мезгилинде кар калың жаап салып, тоют жетишпей келген. Быйыл республика боюнча жетиштүү тоют жыйналды. Тынчсызданууга негиз жок",- деди Бекбоев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан