Сапар Исаков орусиялык учактын атылышы боюнча: "Түркия тарап кескин чара көрбөй турса болмок..."

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков орусиялык Су-24 учагынын Түркия тарабынан атып түшүрүлүшү боюнча кабарды кыргыз мамлекети тынчсыздануу менен кабыл алганын, кырсыкка байланыштуу Түркия менен Орусия дыкат жана ар тараптуу иликтөө жүргүзүшү керектигин билдирди.

"Бүгүнкү күндөгүдөй шартта жаралган аталган окуя кырдаалды кыйындатат. Түркия тарап чыдамкайлык кылып, кескин чара көрбөй турса болмок",- деген Исаков талаштуу иштер сүйлөшүү жана тынчтык жолу менен чечилиши керектигин айтты.

Исаков эки мамлекет тең сабырдуулук кылышы керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, 24-ноябрда орусиялык Су-24 учагы Түркия менен Сириянын чектешкен аймагында түркиялык F-16 истребители менен атылып кулатылган. Түркия тарап орусиялык учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын айтууда. Ал эми Орусия учактын атылышын "далыдан урулган сокку" деп атап, Түркия Сириянын аймагында учуп жүргөн учакты атканын билдирип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан