Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы акыйкатчы кызматына Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин жактырды. Фракция мындай чечимин 27-ноябрдагы жыйынында кабыл алды. Жыйын жүрүшүндө аталган кызматка жалпы 15 адамдын талапкерлиги көрсөтүлгөнү менен, депутаттар бир гана талапкерди тандап алуу чечимине келишти. Алгач добуш берүү бюллетенине Турсунбек Акун менен Гүлнара Жамгырчиеванын талапкерлигин киргизишип, жашыруун добуш берүүгө өтүштү. Жыйынтыгында Жамгырчиеванын талапкерлигин жактырышты.
Жамгырчиева 2015-жылдын январь айынан бери акыйкатчынын орун басары болуп иштеп келүүдө. Ал 2010-жылы КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.