Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына 3 талапкер көрсөттү. Бул тууралуу чечим фракциянын 27-ноябрдагы жыйынында кабыл алынганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти. Жыйында Гүлгаакы Мамасалиева, Марат Кайыпов, Тойгонбай Жаанбаев, Турсунбек Акун, Бакыт Рыспеков, Өмүрбек Рыскелдиев, Токтайым Үмөталиева, Рахатбек Касымалиев, Тургунбек Нарикеев, Айбек Бардыбаев жана Анвар Сартаевдин талапкерлиги каралды.
Депутаттар талкуунун жыйынтыгында Гүлгаакы Мамасалиева, Бакыт Рыспеков жана Турсунбек Акундун талапкерлигин акыйкатчы кызматына көрсөтүү чечимине келишти.