Өкмөттө бүгүн, 27-ноябрда 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында ишке берилүүчү мектептердин курулушунун жүрүшү талкууланган жыйын өттү. Жыйында жылдын аягына чейин республикада 70 окуу жай жана 8 саламаттыкты сактоо мекемеси ишке кирери айтылды.
"Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы аталган мекемелердин курулуш сапатына түздөн-түз жооп берет. Биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев мектептердин сметалык наркы боюнча комиссиялык текшерүүлөрдү жүргүзөт. 1 чарчы метр аянттын наркы 400 доллардан ашпашы керек",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев.
Жыйынтыгында премьер-министр Ош облусундагы жер титирөөдө бузулган социалдык мекемелерди курууга өкмөт каражат издеп табарын кошумчалады.