УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев: “Визасыз режимден пайдаланып өлкөгө террорчулардын кирип кетүү коркунучу бар"

"Кыргыз мамлекетине визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып айрым өлкөлөрдөн террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн өлкөбүзгө кирип кетүү коркунучу бар". Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын координациялык кеңешмесинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди.

“Учурда 45 өлкөнүн жарандары өлкөбүзгө визасыз кире алышат. 2014-2015-жылдары эле “Ислам мамлекети” тобуна тиешеси бар деп шектелген 200дөн ашуун чет элдик жаран кармалды”,- деди УКМК төрагасы.

Сегизбаев Кыргыз Республикасына 2013-жылы чет өлкөдөн 4 миллион 516 миң жаран кирип, анын 110 миңи каттоодон өткөнүн, былтыр 4 миллион 123 миң киши кирип, 111 миңи каттоодон өткөнүн айтты. 2015-жылдын 10 айында өлкөгө 4 миллион 101 миң чет өлкөлүк жаран кирип, мунун 129 миңи гана каттоодон өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан