Бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев валюта рыногундагы абал жана улуттук валютаны алмаштыруу курсун турукташтыруу чараларына арналган жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов валюталык рыноктогу абал, улуттук валютага карата спекулянттык чабуулду чагылдыруу үчүн жөндөөчү аракеттер тууралуу маалымат берди.
Премьер-министр Темир Сариев: «Мамлекеттик органдар транзакцияны улуттук валюта аркылуу гана жүргүзүүгө тийиш. Мында кеп кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү сатып алуу боюнча операциялар тууралуу жүрүүдө, аларды улуттук валюта аркылуу ишке ашыруу зарыл. Белгилеп кетүүчү нерсе, товарга жана тейлөөгө карата баалар, анын катарында жарнамалык материалдарга карата баалар да улуттук валютада көрсөтүлүшүн милдеттендирүү зарыл»,- деп айтты.
Өкмөт башчы валюталык операцияларды жүргүзүү эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул көлөмүн жогорулатуу керектигин жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөр аралык соода операцияларын жүргүзүүдө эсептешүүнү улуттук валютада жүргүзүү механизмин иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине доллардык ипотекалык насыяларды сомдук эквивалентке которуу механизмин киргизүүнү тапшырганын кабарлайт өкмөттүн маалымат кызматы.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен доллардын кескин кымбатташына байланыштуу насыя алган айрым соодагерлер мамлекеттен жеңилдиктерди сурап Өкмөт үйүнүн алдына чыгышкан болчу.