Бишкек - Кара-Балта унаа жолун оңдоо иши быйыл декабрда башталат. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда өкмөттүн жыйынында транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев билдирди. "Жолду оңдоо тууралуу документ ратификацияланып, жалпы 35 миллион доллар гранттык каражат каралган. Бүгүнкү күндө анын 3 миллиону бөлүнүп берилди, жумуштар башталат",- деди министр.
Кийинки жылы Алматы-Чолпон-Ата жолун куруу тууралуу документке да кол коюлганы кошумчаланды.