Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 27-ноябрда кол койгон буйрукка ылайык, күч түзүмдөрүнүн башчыларынын орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Субанкулов Ильязбек Токтогулович Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, анын ордуна Орозматов Кубанычбек Апазович дайындалды.
Мындан сырткары Мамбеталиев Искендербек Султанович Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын зардалы кызматынан бошотулуп, ал кызматка Жылтыров Бакыт Жаныбаевич келди.
Ал эми Курбанов Адылбек Умарович Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.