Темир Сариев Бишкектин көчөлөрүн киоск жана соода күркөлөрүнөн толук тазалоо тапшырмасын берди

Премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 27-ноябрдагы жыйынында Бишкектин көчөлөрүн киоск жана соода күркөлөрүнөн тазалоо тапшырмасын берди.

Анын айтымында, шаарды тазалоо иштери толук кандуу жүрбөй жатат. “Шаарыбыздын ичин толук тазалашыбыз керек. Ар ким каалаган жерине киоск орното берчү заман өттү. Антип иштегендерге бул өкмөт башчынын тапшырмасы экенин айтып, башка жактан орун таап бергиле. Бул нерсени элибиз да колдойт. 5-6 кишинин кыйкырып чыкканына карабагыла”,- деди Сариев.

Өкмөт жетекчиси кийинки жылы өлкөдө бир катар олуттуу мааракелер, анын ичинде мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы майрамдаларын, ага 11 өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери катышарын кошумчалады. Мындан тышкары 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн белгилеген өкмөт жетекчиси: “Шаарыбыз бул мааракелерге даяр болуш керек”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан