Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 27-ноябрда Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Мамлекеттер аралык жана парламенттер ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, кыргыз-орус алакасын мындан ары бекемдөөгө байланышкан маселелер жолугушуунун өзөгүн түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков сөзүнүн башында кесиптешинин көңүлүн орчундуу жагдайга бурду. Парламент жетекчиси бардык мамлекеттер терроризмге, экстремизмге каршы бирдиктүү күрөш жүргүзүүсү талапка ылайыктыгын кошумчалады. “Бүгүнкү күндө Жер шарында тынчтык маанилүү болуп турат. Ал үчүн дүйнө коомчулугу ар кыл террористтик аракеттерге каршы турушу керек”,- деди Жээнбеков.
Матвиенко кесиптешинин оюн улай Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынган кайрылуулар жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алына турган билдирүүлөр бул жаатта иш алып барууда маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасында жаңы ыкманын негизинде өткөн парламенттик шайлоого учкай токтолуп, Асылбек Жээнбековдун кайрадан ЖКнын төрагалыгына шайланышы менен куттуктады. “Шайлоонун атаандаштык негизде таза өтүшү кырдаалдын туруктуулугуна салым кошту. Кыргыз Республикасы шайлоону таза өткөрүү аркылуу дүйнө коомчулугуна үлгү көрсөттү. Бул президент Алмазбек Атамбаев баштаган кыргыз бийлигинин саясий эркинин бекемдигинен кабар берет”,- деген Матвиенко.
Жээнбеков Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кошулушу менен өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланышта алга жылуулар байкалганын, Орусияда эмгектенген кыргыз мигранттарынын көйгөйлөрү чечилгенин кошумчалады. Буга улай Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргыз Республикасынын экономикасын көтөрүп, приоритеттүү тармактарды өстүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылаарын эске салды. Муну менен эле токтоп калбастан, өлкөлөр жана парламенттер аралык артыкчылыктуу багыттарды мындан ары да бекемдөө керектиги маалымдалды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Орусиянын аскер-техникалык кызматташуусун өнүктүрүүгө байланышкан маселе да козголду. Кыргыз Республикасы менен Орусиянын аба соккусунан коргонуу боюнча бириктирилген аймактык системин түзүү жөнүндө макулдашууга жана аскер-техникалык кызматташуу жаатындагы келишимге кол коюлушу эки өлкөнүн ортосундагы бул жааттагы кызматташуусунун бекемделишине жана мындан ары дагы өнүгүшүнө өбөлгө түзөрү белгиленди.