Орусиялык санкция: Түркиялык оор жүк ташуучу унаалар мындан ары Орто Азияга Азербайжан аркылуу келет

"Учак окуясынан" кийин Орусия Түркиянын оор жүк ташуучу унааларын чек арадан өткөрүүнү токтоткон. Мындан улам Грузия менен Орусиянын чек арасында Орто Азияга келе жаткан көптөгөн түркиялык оор жүк ташуучу унаалар токтоп турушкан.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев 29-ноябрда аталган унаалардын Азербайжан аркылуу өтүшүнө уруксат берди. "Каспий коридору" деп аталган бул жол Баку - Түркмөнбашы (Түркмөнстан) - Актау (Казакстан) аркылуу Казакстан, Кыргыз Республикасына келет. Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын Түркия боюнча жетекчиси Фатих Шенер: "Бул жол Орусия аркылуу өтүүгө караганда кыскараак. Эгер муну убактылуу эмес, дайым колдонуу келишимине жетишсек, бул Азербайжандын экономикасына да пайдалуу болот",- деп билдирди.

Түркиядан Орто Азияга жылына 45 миң оор жүк ташуучу унаа Иран аркылуу, 5 миң унаа Азербайжан аркылуу жана 6 миң унаа Орусия аркылуу келчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан