Бишкекте Сүймөнкул Чокморовдун элесине арналган волейболдук мелдеш өтөт
Ушул жылдын 12-13-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун жаркын элесине арналган волейболдук мелдеш өтөт. Бул спорттук мелдешке Бишкек шаарынан, Жалал-Абад, Ош, Нарын облустарынан келген мырзалардан турган 13 команда катышмакчы. Анын катарында былтыркы өткөн мелдештин жеңүүчүсү -"Салам Алик" курама командасы да бар. Оюн 2 күн тең саат 9:00дө башталат.