Чүй. Москва районунда инклюзивдүү билим берүү боюнча тренингдер өтүүдө

"Мектепке чейинки билим берүү" долбоорунун алкагында Чүй облусунун Москва районунда инклюзивдүү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды дени сак балдар менен кошо окутуу) билим берүү боюнча беш күндүк тренинг өтүүдө. Бул тууралуу 9-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

7-11-декабрь күндөрүнө белгиленген иш-чарага жогоруда аталган райондогу психолог, дарыгерлер катышып жатат. Тренингдин максаты инклюзивдүү билим берүүнү киргизүү болуп саналат. Буга чейин мындай тренингдерге мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери, мугалимдер, социалдык кызматкерлер, мектеп директорлорунун орун басарлары катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан