Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгы 2015-жылдагы аткарылган иштери тууралуу маалымат берип, жыл жыйынтыгын чыгарды. Иш-чаранын жүрүшүндө Максатбек ажы Токтомушев жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу билдирип, буга катар журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Ал дин эксперти Кадыр Маликовго кол салынганы диний чөйрөгө канчалык деңгээлде коркунуч алып келгени тууралуу суроого төмөнкүчө жооп кайтарды: "Бул окуя, албетте, коомчулукту чочулатпашы керек. Адамдардын милдети - тууранын туура экенин, жалгандын жалган экенин айтуу. Экстремизмге, терроризмге каршы күрөшүү - жалпыбыз аткарчу иш. Кудайга шүгүр, биздин мамлекет - көз карандысыз мамлекет жана бизге террордук топтор чоң коркунуч жаратпайт".