Бишкектин керектен чыккан жана эл кызматындагы "пенсионер" троллейбустары (фоторепортаж)

Троллейбустар 20-30 жыл кызмат кылып, утилизация кылынышы керек. Алар коомдук унаа катары колдонулбай калганда тетиктерин башка максатта пайдаланса болот. Бүгүнкү күндө борбор калаада эл кызматындагы троллейбустардын 25 пайызын "пенсияда" деп айтса жарашчудай. Эскилиги жеткен троллейбустар утилизация кылынышы керек, бирок унаанын жетишсиздигинен учурда алар шаар тургундарына кызмат көрсөтүп келишүүдө.

Бишкек троллейбустук башкармалыгынын директору Мадылбек Абдыразаковдун айтымында, быйыл атайын комиссиянын чечими менен дагы 30 троллейбус эскилигине байланыштуу керектөөдөн чыгарылган.

Жарактан чыгарылган 1980-жылкы троллейбустар жыгач, темир, резина жана башка материалдарга бөлүнүп утилизиция кылынат.

Советтер Союзунун учурунда Бишкекте 18 маршруттук линия менен троллейбустар жүрүп турган. Аталган доордун кетиши менен бул коомдук унаанын түрү да шаарда азайып, өзгөчө 2011-жылы 50-60 даананы гана түзүп калган.

Утилизацияны атайын адистер жасашат.

"Троллейбустарды оңдоп-түзөөчү жана жууй турган жай 1950-жылдары курулган. Андан бери капиталдык оңдоо жүргүзүлгөн эмес, бирок жеңил сырдоо жана актоо иштери жүрүп турат. Негизинен ал канааттандырарлык абалда десе болот",- деди жетекчи.

Бишкектеги жүрүп турган эң эски троллейбус 1982-жылкы.

Утилизацияга чыкчу троллейбустар.

Жарактан чыккан троллейбустарды кароолчу карайт.

Эскилиги жеткен троллейбустар бузулуп калса, аны оңдоого 50 миң сомдон аз эмес каражат кетет.

Европа өнүктүрүү банкы менен атайын түзүлгөн келишимге ылайык, 2013-2014-жылдары 79 троллейбус алынып келинген.

Бишкек троллейбустук башкармалыгынын директору Мадылбек Абдыразаков: “Учурда борбор калаада күнүнө 105-110 троллейбус линияга чыгып, жүргүнчүлөрдү 9 маршрут менен ташыйт. Ал эми жалпысынан бизде 149 троллейбус бар. Алардын кээ бирин оңдоп-түзөп, кайра жумушка чыгарып турабыз”.

Бүгүнкү күндө троллейбус айдоочуларынын айлыгы иштегенине жараша 9 миңден 19 миң сомго чейин болот. Күнүгө бир маршруттан 18-24 миң сомго чейин акча каражаты түшөт. Муну ар бир айдоочуга бөлгөндө 1,5-2 миң сомдун тегереги болот”,- дейт Мадылбек Абдыразаков.

Артём Батаев 6 жылдан бери троллейбустун айдоочусу болуп иштейт. Ал Бишкектеги эң эски, 1982-жылкы коомдук унааны айдаарын айтат. "Эски болсо да аны жууп-тазалап, оңдоп-түзөп алып айдайм. Анткени бул раритет да, СССР маалындагы адамдарды ташыган.

Ал эми жумушума нааразы деле эмесмин. Толуп жаткан унаа тетиктерин убагында берип, эски троллейбусумду жакшылап карап беришсе эле болду. Учурда анын дөңгөлөгү жарылып, оңдолууда”,- дейт Батаев.

Ай сайын 3-4 троллейбус оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Айта кетсек, дүйнө жүзүндө биринчи троллейбус 1882-жылдын апрель айында Германияда пайда болгон. Аны Вильгельм Сименс менен Вернер Сименс ишке ашырган. Ал эми Фрунзеде (Бишкек) биринчи троллейбус 1951-жылдын 13-январында каттай баштаган. Анда 4 троллейбус 2 маршруттук линия менен жүрчү.

Статистикага ылайык, жыл сайын троллейбуска отурган адамдардын саны өсүүдө. 2014-жылы Бишкекте бул коомдук транспорттун түрү 15 миллионго жакын адамды керектүү жерине жеткирсе, быйыл бул көрсөткүч 20 миллионго жеткени калды.

Троллейбустар күнүгө жуулат, бирок кээде айдоочулар кечиккенде кир бойдон каттамга чыгып кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kasha03
2015-12-11 11:07:30
Маалыматынарга рахмат, жакты кызыктуу экен
+10
Yahoo
2015-12-11 16:47:01
Мурда ар эки минутада автобус троллейбустар журуп турчу, учурда транспорт тармагына конул бурулбайт.
+5
Мэри
2015-12-11 18:10:57
Троллейбус эле жакшы да, таза, коопсуз...
+3
jypar.i
2015-12-11 19:45:31
Байкасаңар,"эшегине жараша тушагы" дегендей, айдоочу өзү таза, тыкан кийинип, чачы-башы да тыкан болсо, айдап жүргөн унаасы (автобус, маршрутка, троллейбус д.у.с) да таза, жолдо да жакшы жүрөт.Кээ бир унаага кирсең, ичи кир, орундуктары чаң, терезенин чаңынан сырт жак көрүнбөйт. Айдоочусун карасаң чачы саксайган колу,тырмагы кир, кийиминин тамтыгы кеткен.Ошолордун колуна кандай жакшы абалдагы унаа тийсе да,талкалап керектен чыгарып жиберишет.
+3
adiletkina
2015-12-12 15:54:00
ушу мкр кок жар..мкр улан ...кольцевойдон бир троллейбус авто вокзалга каттатып койсонор болобу же иаршрутка же автобус..пересадка кылабыз анткени вроде бы центр ле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан