Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында кытайлык ишкерлер тарабынан багылып жаткан эшектер бүгүн аймактан чыгарылат. Учурда эшектерди алып кетүү үчүн компаниянын өкүлдөрү аларды КамАЗдарга жүктөп жатышат. Муну SUPER.KG порталына 11-декабрда Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Нияз Козуев билдирди.
"Ишкерлерге бир канча жолу эскертүү берилген эле. Учурда 400дөй эшекти 12 жүк ташуучу унаага салып жатышат. Кайсы жакка алып барышарын айтышкан жок. Мени жергиликтүү жашоочулар барымтага алды деген маалымат тарап кетиптир. Бул чындыкка жатпайт",- деди Козиев.
Эске салсак, аталган аймактын тургундары эшектерди баккан кытайлык ишкана 10-декабрдан тартып ишмердүүлүгүн токтотпосо, сарайда багылып жаткан эшектерди өз алдынча таратып жиберишерин айтып чыгышкан эле. Бул маселе боюнча эки жолу жалпы элдик жыйын болгон. Эшектерди багып жаткан кытайлык "Во Ви Щы" ишканасынын өкүлдөрү ишмердүүлүктү КРнын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүп жатышкандыгын билдиришкен.