Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 40 миллионго чукул сом которулду жана бул сумма өсүүдө. Маалым болгондой, 10-декабрь, саат 16:30га карата атайын эсепте 39 миллион 985 605 сом бар. Бул каражаттар премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам катары жөнөтүлөт. Муну аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жардам берүүнү каалагандар (0312) 54-79-01, 29-11-51 (Бишкек), (0770) 02-20-22, (03222) 2-22-39,
7-74-40 (Ош) номурлары аркылуу байланышка чыгып, каражат которушса болот.