Бүгүн, 11-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында А.Пушкин атындагы сейил бакта орус акынынын эстелигинин ачылышы болду. Ага премьер-министр Темир Сариев катышты.
"Александр Сергеевич Пушкиндин поэзиясы ар бир кыргыз жаранынын дилине жакын жана кымбат. Караколдогу эстеликке алып келчү жол жалгыз аяк жолго айланбайт деп ишенем",- деди өкмөт башчы.