Бүгүн, 11-декабрда "Ала-Бука" чек ара бөлүмүнүн "Кашка-Суу" чек ара тозотуна жаңы имараттар берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
"Кашка-Суу" чек ара тозотунун башчысы Руслан Миңбаев: “Турак жайлар жана кызматтык бөлмөлөрдүн шарты жакшы. Бул аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөсү үчүн маанилүү. Мындай жаңы имараттардын берилиши мамлекетибизде чек ара коргоочуларына кам көрүлүп жаткандыгынан кабар берет. Биз кыргыз-өзбек чек арасын коргоодо алдыга койгон максаттарбызды так аткарууга аракет кылабыз",- деди.