Каржы министрлиги: 11 айда дем берүүчү гранттардын эсебинен 385 долбоор каржыланды

2015-жылдын 1-декабрына карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен 592 миллион 367 миң сомго жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 385 долбоору каржыланды. Бул тууралуу 14-декабрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июнундагы №462-токтому менен бекитилген "Дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылоо тартиби жөнүндө" жобого ылайык, долбоорлорду каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу органдары тарабынан берилген отчёттордон көз каранды. Суралган суммага жана талап кылынган көлөмгө ылайык, грант отчёт берилгенден кийин долбоордун тибине жараша каражаттардын өздөштүрүлүүсүн эске алуу менен бөлүнүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан