Төрага Асылбек Жээнбеков Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчисин кабыл алды

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков 14-декабрда Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Рене Холенштайнды кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Жээнбеков өлкөлөр ортосундагы кызматташтык мамилелердин бекемделип, Кыргыз Республикасы-Швейцария алакасы жанданып баратканын канааттануу менен белгиледи. "Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Швейцарияга, Швейцария Конфедерациясынын Кантондор Кеңешинин Президенти Ханс Альтеррдин кыргыз өлкөсүнө жасаган сапарлары эки тараптуу байланыштардын чыңдалышына чоң түрткү берди",- деди Жээнбеков.

Төрага Швейцария тарапка Кыргыз Республикасына, анын ичинде демократияны өнүктүрүү жаатында берген жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. "1993-жылдан тарта Швейцария Кыргыз Республикасына техникалык, каржылык, гуманитардык жардам катары 292 миллион франк көлөмүндө көмөк көрсөттү. Андан тышкары 2012-2016-жылдар аралыгында Швейцариянын өкмөтү эки өлкөнүн кызматташтык программаларын ишке ашыруу алкагында 74 миллион фунт өлчөмүндө каражат бөлөт",- деди төрага.

Элчи төрага Жээнбековду Жогорку Кеңешке шайлоону ийгиликтүү өткөргөнү, анын төрагалыкка кайрадан шайланышы менен куттуктады. "Швейцария – Кыргыз Республикасынын чыныгы өнөктөшү. Биз эки өлкөнүн кызматташтык мамилелерин улантуу багытында бардык аракеттерди жасайбыз",- дейт элчи. Ал Швейцариянын парламенти жакында 2017-2020-жылдары эки өлкө ортосундагы кызматташтык боюнча программаны карай турганын билдирди. Программалык документтердин абалына токтолуп, ал Швейцария тарап биргелешкен иш-чаралардын, анын ичинде Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү жаатындагы иш-чаралар чегин кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Тараптар сот тутуму менен укук коргоо органдарын реформалоо боюнча да пикир алышты. "Биз бул мамлекеттик түзүмдөрдүн ишин кескин түрдө өзгөртүүгө тийишпиз. Бардык кыргыз жарандары өзүнүн корголорун жана тең укукка ээ боло турганын сезиши керек. Адам укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы Кыргыз Республикасынын андан ары өнүгүшү үчүн өтө маанилүү", - дейт Жээнбеков.

Жолугушууда алар парламенттер аралык кызматташтыкты бекемдөө маселесине да кайрылышты. Төраганын айтымында, кыргыз тарап эки өлкөнүн парламенттеринин алакаларын арттыруу демилгесин колдойт.

Спикер тынчтыкты сактоо, ачык коом куруу жаатында эл аралык уюмдардын көмөгү өтө маанилүү экенин белгиледи. Ал эми элчи мурда Швейцариянын парламентинин спикери Х.Альтеррден чакыруу келгенин эске салып, Швейцария тарап 2016-жылы Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган парламенттик делегацияны кабыл алууга даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан