Асылбек Жээнбеков Орусиянын парламент жетекчилери Матвиенко менен Нарышкинге Воронеж облусундагы өрткө байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Орусиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкинге Орусиянын Воронеж облусунда болгон өрт кырсыгына байланыштуу көңүл айтуу жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Төмөндө көңүл айтуунун тексти:

"Воронеж облусундагы психоневрологиялык интернатта адамдардын өлүмүнө алып келген өрт кырсыгы тууралуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана өзүмдүн атымдан курман болгон адамдардын жакындарына чын дилимден көңүл айтам. Ал эми кырсыктан жабыр тарткан адамдардын тез сакайып кетишин тилейм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан