Ата-энелер балдарын мектепке өздөрү алып келүүгө жана алып кетүүгө милдеттендирилишти. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, учурда мэриянын Билим берүү башкармалыгы «Балдардын саламаттыгын коргоо жөнүндө» буйрукка толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап жатат. «Буга чейин мектептерде ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген. Жакында 1-класстын окуучусун уурдап өлтүрүү окуясы болгондуктан улам эми кенже класстардын окуучуларынын ата-энелери балдарын мектепке өздөрү жеткирүүгө жана алып кетүүгө милдеттендирген келишимге кол коё башташты»,- деп айтылат маалыматта.