ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн айрым маселелери жөнүндө протокол ратификацияланды

Президент Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 16-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык биримдиктин бажы аймагына товарларды алып келүүнүн жана жүгүртүүнүн айрым маселелери жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.

Ратификацияланган протокол Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусуна байланыштуу ЕАЭБдин бажы аймагына айрым товарлардын түрлөрүн алып келүүнү жана жүгүртүүнү жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктайт.

Протоколдо ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифтерине караганда кыйла төмөнкү коюмдар менен импорттолуучу товарларды Казакстандын чегинен тышкары бажы алымдарынын айырмасын толуктап төлөмөйүнчө, мындай товарларды жүгүртүүнүн жалпы схемасы боюнча ташып чыгарууга жол бербөө тууралуу чараларды кабыл алуу боюнча Казакстандын милдеттенмелери аныкталат жана алардын жүгүрүшүн администрациялоонун жана көзөмөлдөөнүн механизмдери аныкталат.

Протокол Дүйнөлүк соода уюмуна кошулуусунун алкагында Казакстан тарабынан кабыл алынган милдеттенмелер Казакстандын рыногуна гана таралышына мүмкүнчүлүк берип, администрациялоонун системин бажы алымдарынын коюмунун айырмасы ЕАЭБдин башка мүчө өлкөлөрүнө зыян келтирбегидей кылып түзүүгө жол ачат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан