Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынында 5 маселе каралат. ШКУнун алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, каржылык, транспорт-коммуникациялык жана гуманитардык кызматташтыктын абалы, келечеги жана өнүктүрүү жолдору талкууланмакчы. Өкмөт башчылары жыйындын күн тартибин жана программасын бекитишти.
Уюмдун ишкердик кеңеши, 2016-жылкы бюджети, анын алкагында иштеген органдардын каржылык жана уюштуруучулук иштерине басым жасалары белгилүү болду. Кийинки жыйынды кайсы өлкөдө, кайсы учурда өткөрүүнү да сүйлөшүшөт.