Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети бүгүн, 15-декабрдагы жыйынында “КРнын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйында каржы министри Адылбек Касымалиев баяндама жасады. Депутаттар айрым өзгөртүүлөргө токтолушуп, салык кирешеси 5 миллиард 154 миллион сомго азайганын такташты. Комитет төрагасы Иса Өмүркулов: "Салык инспекциясына чара көргүлө. Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып жатканда ушул маселе бьоюнча жооп бергиле. Чара көрүлбөсө, биз мыйзам долбоорун колдобойбуз",- деди.