Уруксат берилбеген жайга токтотулган унааларды жүктөп кетүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда

Уруксат берилбеген жайга токтотулган унааларды жүктөп кетүү сунушталууда. Буга багытталган "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 15-декабрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында талкууланып жатат.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында сунушталып жатканын билдирди. Бирок өкмөттө эвакуация унаалары жок экенин айтты. "Сиздер колдоп берсеңиздер, биз механизмин иштеп чыгып, шарт түзөбүз. Учурда эвакуация унаалары жеке компанияларда гана бар. Буга чейин туура эмес токтотулган унааларды алып кетүү боюнча механизм жок болгондуктан, эвакуацияны токтотуу чечимин кабыл алганбыз",- деди Асанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан