"Жүргүнчүлөрдөн алынуучу аэропорттук жыйымдын 10 доллардан 15 долларга кымбатташы оңдоо иштерин жүргүзүүгө багытталган" дейт Эмир Чукуев

Бишкек жана Оштун аэропортторунан өлкөнүн сыртына учкан ар бир жүргүнчүдөн 15 доллардан акы алуу сунушу инфраструктураны жакшыртуу муктаждыгынан келип чыкты. Буга чейин алынган акынын суммасы 10 доллар болуп келген. Мындай тажрыйба башка мамлекеттерде да колдонулат. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун башкармалыгынын өкүлү Эмир Чукуев билдирди.

"Алдыга койгон кайра куруу, аэропортторду модернизациялоо сыяктуу максаттарды ишке ашыруу керек. Алына турган каражаттын 5 долларга кымбатташы боюнча эми механизмдер иштелип чыгат. Бул дүйнөлүк практикада бар. Башка мамлекеттерде 10-40 доллардан алынат. 2000-жылдардын башында биздин өлкө Япониядан 50 миллион доллар насыя алган. Ушул күнгө чейин аэропорттордон түшкөн каражат карызды жабууга кетип жаткан",- деди Чукуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан