КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен эксперттер тобу түзүлөт

КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугунун коркунучуна тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун биргелешкен эксперттер тобу түзүлөт. Буга байланышкан ратификациялык мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 15-декабрда каралды.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевдин билдиришинче, эксперттер тобунун башкы кеңсеси Орусиянын Москва шаарында жайгашат. "Биздин чек арада кандайдыр бир жагдай жаралып калып, биз иликтеп берүүнү сурансак, эксперттик топ дароо келип иликтөө жүргүзөт",- деди Дүйшөнбиев.
Комитет мүчөлөрү ратификациялык мыйзам долбоорун 2-окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан