"Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 1-окууда жактырды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун билдиришинче, 2015-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 6 миллиард 46 миллион сомго көбөйтүлүү менен жалпы бюджет 117 миллиард 577 миллион сом көлөмүндө аныкталууда. Анын ичинде салык кирешеси 74 миллиард 712 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Тескерисинче, салыктык эмес киреше көлөмү 31 миллиард 130 миллион сомду түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 10 миллиард 644 миллион сомго көбөйдү.
Ал эми 2015-жылдын республикалык бюджетинин чыгаша бөлүгү 133 миллиард 636 миллион сомду же ички дүң өнүмдүн 30,5 пайызын түзүп, такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 3 миллиард 222 миллион сомго азая турганы белгилүү болду. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы 3 миллиард 330 миллион доллар өлчөмүндө белгиленди. Доллар кунунун кескин өсүп кеткенине байланыштуу быйылкы карыздарды төлөө көлөмү 345 миллион сомго көбөйдү.