Каржы министрлиги 228 миң сомго 2 планшет жана 284,6 миң сомго 10 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыялады

Каржы министрлиги планшет жана кресло сатып алганы жатат. Бул боюнча билдирүү Мамлекеттик сатып алуулар порталына 11-декабрда жарыяланган.

Андагы маалыматка караганда, министрлик 228 миң сомго 2 планшет алууну пландоодо. Анда ар бир планшет 114 миң сомго туура келет. Мындан сырткары 284,6 миң сомго 10 кресло сатып алуу боюнча жарыя берилген.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын дээрлик 5 миллион сомго жаңы килем сатып алганы талкууга алынган эле. 8-октябрда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарына 2 миллион 682 миң сом сарптап жаңы 120 кресло сатып алуу боюнча тендер жарыяланган. Сатылып алынуучу 120 кресло интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткандан кийин тендер жокко чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан