"Орусияны бүт союздаштары колдойт" деген билдирүүгө кошулбаган расмий Бишкек, Астана жана Минск сынга алынды

Москвада 2015-жылдын 9-декабрында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Аскердик комитетинин жыйыны өтүп, альянска мүчө мамлекеттердин аскердик күчтөрүнүн жетекчилери терроризм менен күрөшүү, Орусиянын Сириядагы согуштук аракеттерин талкуулашты. Жыйындан кийин уюмдагы айрым өлкөлөрдүн аскердик мекемелеринин ортосунда конфликт чыкты...

Орусиялык "Лента ру" басылмасы орус-түрк тирешинде Москваны союздаштары колдоого албай жатканын жарыялады. "Билдирүү жасоого ким укуктуу: Эмне үчүн Москванын союздаштары Түркия менен чырдашуу окуясынан кескин четтей беришти?" деген аталыштагы макала минтип башталат:

"... Чуунун баары Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Юрий Хачатуровдун билдирүүсүнөн кийин башталды. Ал массалык маалымат каражаттарына берген комментарийлеринде "жыйындын бардык катышуучулары Орусиянын Сириядагы кампаниясын колдоого алышып, Түркиянын аракетин агрессия жана далыдан урулган сокку деп аташты" деп билдирген. Анын сөзүн Орусиянын аскердик-саясий союздаштары, анын ичинде жакынкы Беларусь менен Казакстан четке кагууга шашты".

Армениянын аскердик мекемесинин башчысынын сөзүн жалганга чыгарууда Кыргыз Республикасы ыкчам реакция жасаганы айтылат макалада.

"Тышкы саясаттагы багытын биринчилерден болуп Кыргыз Республикасы аныктады. Формалдуу көз караштан караганда, кыргыз өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын билдирүүсү дипломатиялык сылыктыктын бардык эрежелерине ылайыкталып, дыкат жасалды. Расмий Бишкек "генерал Хачатуровго биздин өлкөнүн аскердик мекемесинин атынан билдирүү жасоого укук берилген эмес" деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Түркия дагы, Орусия дагы кыргыз өлкөсүнүн стратегиялык өнөктөшү экенин түз эле айтышты. "Биз Анкара менен Москванын мамилесинин тезирээк оңолушун колдойбуз" дешти",- деп айтылат макалада.

Басылма кыргыз тараптын пикиринен көп өтпөй Беларусь менен Казакстандын күтүүсүз ойгонгонун жазды. Аталган өлкөлөрдүн аракети макалада мындай сүрөттөлдү:

"Астана да "Армениянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Юрий Хачатуровго Казакстандын Коргоо министрлигинин атынан билдирүү жасоого укук берилген эмес" деп билдирип, өлкөнүн аскердик мекемеси тышкы саясаттагы окуяларга баа бербей турганын, мындай укук Тышкы иштер министрлигинде экенин белгиледи.

Учактын атылышы, Орусия менен Түркиянын чыңалган мамилеси боюнча расмий Астана буга чейин позициясын жарыялаганын айтты. "Армениянын өкүлү эмне үчүн мындай билдирүү жасаганы бизге толук түшүнүктүү эмес" деп билдирди Казакстандын Коргоо министрлиги.

Минск курч теманы кылдаттык менен айланып өтүүгө аракеттенди. Бул боюнча негизги билдирүүнү өлкөнүн Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Владимир Макаров жасады. "Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин Башкы штабдарынын жетекчилери жыйында ЖККУнун алкагында 2015-жылкы кызматташтыкты талкуулашты" деп билдирген Макаров армениялык генерал Хачатуровдун билдирүүсү боюнча маалыматы жоктугун, анын үстүнө Беларустун атынан сүйлөөгө ага эч ким укук бербегенин айтты".

Макалада постсоветтик өлкөлөрдүн талкуусунан кийин тема боюнча Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимов да билдирүү жасаганы белгиленет.

"Герасимовдун билдирүүсүндө да "жыйындын бардык катышуучулары - ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик мекемелеринин башчылары Орусиянын Сириядагы аракетин бир добуштан колдошту жана Түркиянын орусиялык Су-24 учагын атышын сынга алышты" деп айтылат. Бирок Герасимовдун сөзүн Бишкек, Астана жана Минск расмий четке кагышкан жок",- дейт автор.

Андан ары Казакстан, Беларусь жана Кыргыз Республикасынын Түркия менен экономикалык кызматташтыгы кеңири баяндалат. Кыргыз-түрк мамилеси тууралуу макаланын автору:

"Түркия Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын биринчилерден болуп 1992-жылдын апрелинде таанып, Бишкекке элчилигин ачкан. Ушул эле жылы өлкөгө Түркия президенти Сулейман Демирель барган. 90-жылдардан 2000-жылдарга чейин Түркия менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү тармакта кызматташуу боюнча 92 макулдашууга кол коюлган. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2015-жылдын январь-сентябрь айларында 168 миллион долларды түздү. Түркия билим берүү жана гуманитардык тармакта да кеңири кызматташат. ММКлар президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы ишкердик байланыштары тууралуу жазышып, бирок президент өзү маалыматты четке каккан",- деп белгиледи.

"Москваны негизги аскердик-саясий союздаштары колдобой турганы көрүнүүдө" деген ой менен аяктайт макала.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан