Баткенде коомдук иштерге активдүү катышкан жаштар сыйланышты. Бул тууралуу 15-декабрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чаранын негизги максаты - 2015-жыл ичинде облус аймагында эмгектенген, окуган жана ар кандай багытта жаштар менен иш жүргүзгөн үлгүлүү, таланттуу, билимдүү жана демилгелүү 14 жаштан 30ка чейинки жарандардын ийгиликтерин баалоо. Аларды сыйлоо салтанатынын жүрүшүндө облус жетекчиси Жеңиш Разаков жылдын үлгүлүү жаштарын куттуктап өттү. Ошондой эле келечекте мамлекеттин, элдин негизги таянар күчү болорун баса белгиледи.