Нарын шаардык "Таза Нарын" ишканасына МАЗ КО-173Н үлгүсүндөгү Беларусь мамлекетинен чыккан жаңы коммуналдык жол тазалоочу унаа алынып келинди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган техника мындан ары кышкысын кар түртүп жол тазалап, жайкысын асфальт жолдорду жана жол жээктерин шыпырып, жууп, суу чачып турмакчы. Универсал унаанын наркы 3 миллион 470 миң сомду түзүп, анын 2 миллион 770 миң сому КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан каржыланды. 700 миң сом жергиликтүү бюджеттин эсебинен ɵздүк салым катары жумшалды.
Кийинки жылы аталган агенттик 2 таштанды чыгаруучу техниканы алып келүү аракети боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.