Өкмөт республикалык бюджет боюнча мыйзам долбоорлорун парламентке кечиктирип алып келгени үчүн бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңеште депутаттардын сынына кабылды. Эл өкүлдөрү: "Өкмөт маанилүү документтерди кечиктирип алып келүүнү адатка айландырып алды. Жаңы жылга 15 күнгө жетпеген убакыт калды. "Кааласаңар да, каалабасаңар да кабыл аласыңар" деген мамиле кылып жатат",- дешти.
Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев 2014-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча мыйзам долбоору парламентке 15-сентябрда эле келиши керек болсо, 3 айга кечиктирилип келгенин белгиледи. "Бул жагынан өкмөттө күнөө бар, 15-сентябрда эле алып келиши керек болчу. Эсептөө палатасы бюджеттин аткарылышы боюнча кемчиликтерди алып чыгып, тиешелүү тараптардын жоопкерчилигин кароону өкмөткө киргизген экен, ошондон улам кечигип калган болуш керек. Биздин комитетке 11-декабрда келип түштү, ошентсе да карап чыгып, колдоп берели дедик. 3 окуудан деп жатканыбыздын себеби: азыркы учурда дүйнөлүк кризис болуп, нефтинин баасы да кийинки жылы дагы төмөндөйт деген божомол болуп жатат",- деди Шадиев.
Депутат Кенжебек Бокоев мыйзам долбоорун биринчи окуудан да колдобой, комитеттин кароосуна жиберүүнү сунуш кылды. "Комитет төрагасынын айткандары мени таң калтырып жатат. 2016-жылда боло турган экономикалык кризистин 2014-жылга эмне тиешеси бар? Бул жерде 2014-жылдын бюджети болуп жатат. 2016-жылдыкы болсо колдоп бермекпиз. Ошондуктан комитеттин кароосуна кайра жиберели. Ансыз деле 2015-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча, 2016-2017-2018-жылдарга карата республикалык бюджеттин болжолу боюнча мыйзам долбоорлорун чогуу алып келип жатат. Комитеттер бир күндүн ичинде карап чыгууга аргасыз болушту",- деди Бокоев.